Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI чакырылышынын XXXIII сессиясы
2016-жылдын 21-ноябры № 6
“Кочкор-Кыштак айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө”
Кочкор-Кыштак айылынын тургундарынын каражат сурап жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Кыштак айылынын тургундарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Узун-Колот участкасынын этегиндеги суу жеп жар болуп жаткан жерди калыбына келтирип, үлүш жерлерди сактап калуу максатында сураган 10000 (он миң) сом акча каражаты, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, бюджеттин шартына жараша жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин
3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет,чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Төрага | К. Осконбаев |