Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI чакырылышынын XXXIII сессиясы
2016-жылдын 21-ноябры № 8
“№20 Матмуса атындагы орто мектептин кайрылуусу жөнүндө”
Ношкен айылындагы №20 Матмуса атындагы орто мектептин директору А. Толубаевтин кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А. Толубаевтин кайрылуусу эске алынсын.
2. №20 Матмуса атындагы орто мектептин котельныйга 4 даана тень жана 1 даана двигатель алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен суралган 21000 (жыйырма бир миң) сом акча каражатын бюджет комиссиясынын отурумунда карап мыйзам чегинде чечип берүү жагы Э.Маматаевке жана О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет,чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Төрага | К. Осконбаев |