Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI чакырылышынын XXXIII сессиясы
2016-жылдын 21-ноябры № 7
“Достук насостук станциясынын кызматкерлерининкайрылуусу жөнүндө”
Достук насостук станциясынын кызматкерлеринин каражат сурап жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук насостук станциясынын кызматкерлеринин кайрылуусу эске алынсын.
2. Достук насостук станциясынын имаратынын чатырын алмаштырууга сураган 100 000 (бир жүз миң) сом акча каражаты, Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн 2017-жылга каралатурган бюджеттинде кароо жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет,чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Төрага | К. Осконбаев |