Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI чакырылышынын XXXIII сессиясы
2016-жылдын 21-ноябры № 9
“Жеңиш айылынын тургуну А.Расуловтун кайрылуусу жөнүндө”
Жеңиш айылынын тургуну А.Расуловтун тойкана салуу үчүн жер аянтын сурап жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А. Расуловтун кайрылуусу эске алынсын.
2. Жеңиш айылына тойкана куруу үчүн Жеңиш айылындагы бош жаткан жерден Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдагы № _____ сандуу токтомунун негизиндемыйзам чегинде чечип берүү жагы айыл Өкмөтүнүн башчысы Э.Маматаевке милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай, транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары К.Калбековко милдеттендирилсин.
Төрага | К. Осконбаев |