Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI чакырылышынын XXXIII сессиясы
2016-жылдын 21-ноябры № 10
“Ууру-Жар айылынын тургуну А.Осмоналиевтин кайрылуусу жөнүндө”
Ууру-Жар айылынын тургуну А.Осмоналиевтин айылдын бош турган бир көчөсүнө атасы маркум Осмоналиев Артыкбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндө жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А. Осмоналиевтин кайрылуусу эске алынсын.
2. Ууру-Жар айылында бош турган бир көчөгө маркум Уулуу Ата
3. Мекендик согуштун катышуучусу Осмоналиев Артыкбайдын ысымын ыйгаруу боюнча Ууру-Жар айылынын айыл башчысы Р.Сейталиев элдик жыйын өткөрүп, элдин макулдугун алып жана айылда түзүлгөн шарттарын эске алуу менен жыйынтыгында айылдык кеңешке маалымат берүү жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Асанбаевке милдеттендирилсин.
Төрага | К. Осконбаев |