Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI чакырылышынын XXXIII сессиясы
2016-жылдын 21-ноябры № 11
“Ага салыкчы А.Каракожоевтин кайрылуусу жөнүндө”
Айыл өкмөттүн ага салыкчысы А.Каракожоевтин Ноокен райондук салык башкармалы менен түзүлгөн келишимин бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А. Каракожоевтин кайрылуусу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жылдагы №715 жана 11.04.2016-жылдагы №202 сандуу токтомдорун аткаруу максатында Ноокен райондук салык башкармалыгы менен Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишими бекитилсин.
3. Мындан аары келишимдин негизинде, мыйзам талаптарына ылайык иш алып баруу жагы айыл Өкмөттүн ага салыкчысы А.Каракожоевке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Асанбаевке жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Төрага | К. Осконбаев |