Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-ноябрь № 12
“Жеңиш айылынын тургуну И.Камиловтун кайрылуусу жөнүндө”
Жеңиш айылынын тургуну Камилов Идирисбектин жардам сурап жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. И. Камиловтун кайрылуусу эске алынсын.
2. Жеңиш айылынын тургуну Камилов Идирисбектин Кур-Сай участкасынан Кайра бөлүштүрүү фондунан алган 0,80га жер аянтына 2015-жылы пахта өсүмдүгүн эгип. Бирок табийгат кырсыгынын кесепетинен сел жууп кеткендигине байланыштуу 4768(төрт миң жети жүз алтымыш сегиз) сом аренда акысы бир жылга кечилип берилсин.
3. Жердин калган жылдары үчүн төлөм акыларын үзгүлтүксөз жыйноону колго алуу жагы айыл Өкмөт башчысы Э.Маматаевке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет,чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Төрага | К.Осконбаев |