Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI чакырылышынын XXXIII сессиясы
2016-жылдын 21-ноябры № 13
“Жеңиш айылынын тургуну А.Артыковтун кайрылуусу жөнүндө”
Жеңиш айылынын тургуну Артыков Аскаралинин жардам сурап жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Артыковтун кайрылуусу эске алынсын.
2. Жеңиш айылынын тургуну Артыков Аскаралинин Жеңиш участкасынан Кайра бөлүштүрүү фондунан алган 0,66га жер аянтына болгон 30690 (отуз миң алты жүз токсон) сом аренда акынын 50% үй-бүлөөлүк шартына байланыштуу 15345(он беш миң үч жүз кырк беш) сом аренда акысы бир жылга кечилип берилсин.
3. Жердин калган жылдары үчүн төлөм акыларын үзгүлтүксөз жыйноону колго алуу жагы айыл Өкмөт башчысы Э.Маматаевке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет,чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Төрага | К.Осконбаев |