Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI чакырылышынын XXXIII сессиясы
2016-жылдын 21-ноябры № 14
“Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылындагы №18 М.Молдалиев орто мектебине спорт зал куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө”
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылындагы №18 М.Молдалиев орто мектебинде көп жылдардан бери спорт зал жок болгондуктан аталган мектепке спорт зал куруу зарыл экендиги жөнүндө аталган мектептин кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылындагы №18
2. М.Молдалиев орто мектебине спорт зал куруу үчүн 1000,0кв.м. жер аянты ажыратылып берилсин.
3. Спорт зал куруу үчүн ажыратылып берилген жер аянтынын
юридикалык иш кагаздарын Ноокен райжермамкаттоо башкармасынан, Ноокен райондук шаар куруу жана архитектуура башкармасынан даярдатуу жагы айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык
5. Кеңешинин социалдык, саламаттыкты сакттоо, билим берүү, маданият, жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Толубаевке милдеттендирилсин.
Төрага | К.Осконбаев |