Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI чакырылышынын XXXIV сессиясы
2016-жылдын 22-декабры № 3
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-ноябрындагы №480-б сандуу буйругунун негизинде “Эң мыкты айыл өкмөтү” наамын алгандыгын жалпы айыл аймагынын тургундарына белгилөө, №18 М.Молдалиев орто мектебинин стадионун ачуу аземин өткөрүүгө акча каражатын ажыратуу жөнүндө”
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн башчысы Э. Маматаевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын XXXIV –сессиясы.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн башчысы Э.Маматаевтин “Эң мыкты айыл өкмөтү” наамын алгандыгы жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн ийгилигин жалпы айыл аймагынын тургундарына белгилөөгө, №18 М.Молдалиев орто мектебинин стадионунун ачуу аземине өткөрүү жөнүндөгү билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-ноябрындагы №480-б сандуу буйругунун негизинде Бүргөндү айыл Өкмөтүнө ажыратылган 3000000 (үч миллион) акча каражатынын эсебинен “Эң мыкты айыл өкмөтү” наамын алгандыгы жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн ийгилигин жалпы айыл аймагынын тургундарына белгилөөгө, №18 М.Молдалиев орто мектебинин стадионунун ачуу аземин өткөрүүгө жалпысынан 261590 (эки жүз алтымыш бир мин беш жүз токсон) сом акча каражаты ажыратылсын.
3. Жогоруда ажыратылган акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн башчысы Э.Маматаевге жана ФЭБ башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин .
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Төрага | К.Осконбаев |