Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI чакырылышынын XXXIV сессиясы
2016-жылдын 22-декабры № 6
“Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасына 2016-жыл ичинде өткөргөн сессияларына компенсация төлөмдөрүн төлөп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 37-беренесинин 6-пунктуна ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасына 2016-жыл ичинде өткөргөн айылдык кеңештин сессияларына компенсация төлөмдөрүн эсептеп жана төлөп берүү жөнүндө бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 34-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. О.Калмуратовдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Айылдык кеңештин иш планынын негизинде ар бир сессиясын даярдоого, комиссия түзүү, текшерүү, жыйынтыгын чыгаруу, маалыматты, токтомдордун долбоорун даярдоо, сессия өткөрүү күнү жана сессиядан кийин протоколдорду, токтомдорду кайрадан кароо, толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн кеминде беш күндөн кем эмес, кээ бир учурларда мындан да көп убакыт кетээрин белгилеп сессия өткөрүүгө компенсация өлчөмүн беш күндөн кем эмес күнгө эсептөөлөр жүргүзүү жагы белгиленсин.
3. Айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысына Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 37-беренесинин 6-пунктуна ылайык айылдык кеңешинин төрагасына 2016-жыл ичинде өткөргөн айылдык кеңештин сессияларына компенсациясынын расчетун тиркемеге ылайык чыгарып төлөп берүү жагы ФЭБтин башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин. (тиркеме тиркелет)
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык Кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Калмуратовко жана ФЭБнүн башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
Төрага | К.Осконбаев |