Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI чакырылышынын XXXIV сессиясы
2016-жылдын 22-декабры № 7
“Бүргөндү айыл Өкмөтүн Ак-Бата автобекетинде жаңы ачылып жаткан спорт залга эмеректерди алуу жөнүндө”
Бүргөндү айылдык кеңешинин депутаты З.Арстанбековдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын XXXIV –сессиясы.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. З.Арстанбековдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы жаш өспүрүмдөрдү дени сак жашоого үндөө жана өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында ачылып жаткан спорт залга эмерек алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы
4. Э.Маматаевке жана ФЭБнүн башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет,чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Төрага | К.Осконбаев |