Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI чакырылышынын XXXIV сессиясы
2016-жылдын 22-декабры № 10
“Ооган согушунун жесири Чоюева Катычаныны кайрылуусу жөнүндө”
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн тургуну Ооган согушунун жесири Чоюева Катычанын 2015-2016 жылдарга карата 8344сом болгон ижара акысын кечип берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын XXXIV –сессиясы.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жер комиссиясынын төрагасы О.Калмуратовтун сунушу эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Ооган согушунун жесири Чоюева Катычанын 2015-2016 жылдарга карата 8344(сегиз миң үч жүз кырк төрт)сом болгон ижара акысын кечип берилсин.
3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Төрага | К.Осконбаев |