Редакцияот 30.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII- чакырылышынын II –сессиясы

2017-жылдын 30-январы № 1

“Бүргөндү айыл Өкмүтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү өз алдынча» жөнүндөгү мыйзамынын 49 беренесине жана Бүргөндү айыл Кеңешинин Регламентинин 2-бөлүгүнө ылайык Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы С.Турдалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын II –сессиясы.

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы С.Турдалиевдин билдирүүсү эске алынсын..

2. Ноокен аймактык шайлоо боюнча комиссиясынын Бүргөндү айыл Өкмөтүнүнбашчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча протоколу бекитилсин (протокол тиркелет).

3. Айыл Өкмөтүнүн башчысы болуп 21 добуш алган Маматаев Эркинбек Садирбекович шайлансын..

 

Төрага

Т.Асанбаев