Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII- чакырылышынын II –сессиясы
2017-жылдын 18-февралы № 1
“Бүргөндү айыл аймагында жазгы талаа иштерине даярдык жөнүндө”
Бүргөндү айыл Өкмөтөнүн башчысынын орун басары Б.Кубатовдун айыл аймагында жазгы талаа иштерине даярдык жөнүндөгү маалымытын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын III –сессиясы.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1 Бүргөндү айыл аймагынын башчысынын орун басары Б.Кубатовдун Бүргөндү айыл аймагында жазгы талаа иштерине даярдык жөнүндөгү маалыматы кабыл алынсын.
2. Бүргөндү айыл аймагында жазгы талаа иштерин тездетүү үчүн жер айдоого кошумча техникаларды тартуу жагы айыл Өкмөтүнүн башчысы убактылуу милдетин аткаруучу Б.Кубатовко милдеттендирилсин.
3. 2017-жыл суугат мезгилине чейин ичкиарыктарды, чоң арыктарды тазалоо , иригагациялык курулмаларды оңдоо түзөтүү “Жаңы-Арык СПАнын башчысы М.Мамажановко жана Ношкен СПАнын башчыссы Т. Матаевке милдеттендирилсин.
4. Кур-Сайдагы пайдаланбай жаткан кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлердин,алган жерлеоге ижара акы төлөбөй жаткан ижарачылардан жерлерди алып кийинки адамдарга берүү жагы жер комиссиясына,айыл Өкмөтүнүн орун басары Б.Кубатовко милдеттендирилсин.
5. 2017-жылы сугат мезгилине чейин оң жээк майлуу-суу каналын «ПБМСКА», «Достук,М-1 жана М-2» каналдарыннын мехтазалоосун аяктоону райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы К.Кудайбердиевге билдирилсин.
6. Фергана каналынын көпүрөсүнүн алдындагы оң жээгин бекемдөө чөккөн көпүрөнү оңдоо жагы райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы –аким Э.Маматаевге, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак аш , өнөр жай жана мелиорация министири Н.Мурашевко жана Транспорт жана коммуникация министира З.К. Айдаров билдирилсин.
7. Ношкен айылындагы Фергана каналындагы Төрт-Куур даанасына дарбаза куруу жагы райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы –аким Э.Мамаатаевге, Кыргыз Республикасыны Өкмөтүнүн Жалал-Абат обласы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү К.Сатыбалдиевге билдирилсин.
8. Достук насостук станциясын жана М-1, М-2 нассостук станцияларды сугат мезгилине чейин даярдыгын колго алуусун Н.Бакировко билдирилсин.
9. Бүргөндү айыл аймагындагы дыйкандарына минералдык-угуттарды ортомчусуз жеткирүүнү, айдоо техникаларын айылыбызга жардамга келүүсүн Ноокен айыл-чарба департаментинин башчысы Т.Эшиевден суралсын.
10. Бүргөндү айыл аймагындагы жер айдоону, ички арыктардын,чон арыктардын жана каналдардын өз убагында чабылып тазалануусун жүзөгө ашыруу көзөмөлдөө айыл Өкмөттүн башчысы убактылуу милдетин аткаруучу Б.Кубатовко милдеттендирилсин.
11. Райондук мекемелердин өзүнүн милдеттерин так аткарууну көзөмөлдөөнү Нооке райондук админстрациясынын башчысы- аким Э.Маматаевге суралсын.
12. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө аламын.
Төрага | Т.Асанбаев |