Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII- чакырылышынын II –сессиясы
2017-жылдын 18-февралы № 2
“Бүргөндү айыл аймагында тургундарынын арызы, айылдын көйгөйлөрү жөнүндө”
Бүргөндү айыл Кеңешинин депутаттары айылдарда шайлоочулар менен жолугушууларды өткөргөндө айыл тургундары тарабынан айылдардын көйгөйлөрү, күндөлүк турмуштагы көйгөйлүү маселелери айтылды. Айылдардын көйгөйлөрүн жолугушууларда ошол айылдардын башчылары тарабынан протоколдоштурулган. Жогорудагы айылдардын көйгөйлөрүн угуп жана талкулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын III –сессиясы.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жолугушууда айтылган айыл көйгөй маселелери эске алынсын.
2. Чарбак, Борсолдой, Жанай-Сай, Каракожоев Ж, жана Жаңы-Кыштак көчөлөрүнүн жолдорун оңдоо, кеңейтүү боюнча долбоорлорду даярдоо айыл Өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б.Кубатовко милдеттендирилсин.
3. Ак-бата –Бүргөндү чоң жолдорун тазалоо, суу жеп кеткен жерлрине шагал төгүп оңдоо иштерин колгоо алууну айыл Өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б.Кубатовко милдеттендирилсин.
4. Жазга карата көчөлөрдү иретке келтирүү, турак жайлардын айланасында тазалыктын болуусун камсыз кылуу ар бир үй ээсине милдеттендирилсин.
5. Көчөлөрдүн арыктарын , пайнап арытарды тазалоо турак-жай ээлерине , айыл башчыларга жана СПАнын башчысылары М.Мамажановко жана Т.Матаевка милдеттендирилсин.
6. Жүзүм бак жана Жеңиш, Шалпая жолдорунун долбоорлорун ишке ашыруу жагы айыл Өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б.Кубатовко милдеттендирилсин.
7. Айылда жер пайдалануу мыйзамдарын , эрежелерин соктоо, айылдын башкы планынын ченемдерин жана эрежелерин сактоону айыл тургундарына милдеттендирилсин.
8. Айылдарда турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону таштанды таштоочу жайга ташууну уюштуруу айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б.Кубатовко жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
9. Коомдук жайларга, борбордук жолдун бойлоруна таштанды үчүн урналарды жасатуу , койдуруу айыл Өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б.Кубатовко милдеттендирилсин.
10. Таштанды таштоочу жайга эскертүү белгисин койдуруу, таштанды таштоочу жайдан башка жака таштанды – чыгындыларды төккөндөргө катал чараларды көрүү айыл Өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б.Кубатовко жана айыл башчы А.Кыргызбаевге милдеттендирилсин.
11. Ош-Бишкек жолуна Жаңы-Жол айылынын аймагына «Мал айдап өтүү», «Ылдамдыкты чектөө» жана «балдар» белгилерин коюнуу ДЭУ-22 жол бошкармалыгынын башчысы Р.Курбановко сунушталсын.
12.Жазгы арык чабуу маалында тоскол болгон арыктардын боюндагы эгилген тал бактарды алдыруу СПАнын башчылары М.Мамажановко, Т.Матаевге жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
13. Коңшулардын бак-теректери, чавыралары, тыт-талдар коңшулардын жерине көлөкө түшүрбөө чараларын көрүү айыл башчыларга милдеттендирилсин.
14. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Бүргөндү айылдык Кеңешинин Эл чарбасы, айыл чарбасы , өнөр жай , транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Расуловко милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Асанбаев |