Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII- чакырылышынын III–сессиясы
2017-жылдын 18-февралы № 3
“Бүргөндү айыл аймагында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”
Бүргөндү айыл Кеңешинин депутаттары айылдарда шайлоочулар менен менен жолугушууларды өткөргөндө айыл тургундары тарабынан айылдардын көйгөйлөрү күндөлүк турмуштагы көйгөйлүү маселелери айтылды. Айылдардын көйгөйлөрүн жолугушууда ошол айылдардын башчылары тарабынан протоколдоштурулган. Жогорудагы айылдардын көйгөйлөрүн угуп жана талкулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын III –сессиясы.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бүргөндү айылынын керектөөчүлөрүнүн арыздары эске алынсын.
2. Азык-түлүк продукцияларын даярдоочулар өз продукцияларын Кыргыз республикасынын стандартына ылайык даярдоо жана камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Айыл тургундарын күнүмдүк азык-түлүк менен камсыз кылууда иштеген жеке ишкердин медициналык китепчеси жана медициналык кароодон өтүүсү Ноокен Санэпидстанциясынын башкы врачы С.Абдукеримовага милдеттендирилсин.
4. Дүкөндөрдө сатылып жаткан азык-түлүктөрдүн сапатын жана мөөнөтүн өз убагында текшерип туруусун Ноокен Санэпидстанциясынын башкы врачы С.Абдукеримовага билдирилсин.
5. Керектөөчөлөрдүн азык –түлүк продукциясын сатып алууда нарктын ашыкча болуусун көзөмөлдөөнү Ноокен райондук мамлекеттик админстрациясынын биринчи орун басары К.Камбаралиевтен суралсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Бүргөндү айылдык Кеңешинин Социалдык, саламаттыкты сактоо, экология, тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Калбековко милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Асанбаев |