Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-февралы № 7
«Бүргɵндү айыл аймагындагы стратегиялык маниси чон Кыпчак-Талаа айылына караштуу Кой-Кулак участогундагы айыл аймагынын пайдалануусунда турган 0,45 га жер аянты жана Кой-Кулак участогундагы Жаны-Арык каналынын 180 метр аралыгы жɵнүндɵ»
Бүргɵндү айыл Ɵкмɵтүнүн убактылуу милдетин аткаруучу Б.Кубатовтун кайрылуусун угуп жана талкуулап Кыпчак-Талаа айылына караштуу Кой-Кулак участогундагы жергиликтуу калкты коп жылдардан бери таза ичимдик суу менен камсыз кылган 5 кудук (скважина) ошондой эле резервуар жайгашкан 0,45 га жер аянты жана Жаны-Арык арыгынын 180 метр аралыгы 1930-жылдан бери жергиликтуу калктын 80 зын агын суу менен камсыздап келген бул арыктын жана 5 кудук (скважина) резервуар жайгашкан 0,45 га жер аянтынын жергиликтуу тургундар, мамлекет учун стратегиялык мааниси чон экендигин эске алып Бүргɵндү айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын кезектеги III-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Бүргɵндү айыл Ɵкмɵтүнүн Кыпчак-Талаа айылына караштуу Кой-Кулак участогунда жайгашкан айыл аймагындагы 17 мин калкты 1959-жылдан бери таза ичимдик суу менен камсыз кылып келген 5 кудук (скважина) жана 500 куб сыйымдуулуктагы резервуар жайгашкан 0,45 га жер аянты айыл аймагынын пайдалануусунда калтырылсын.
2. Бүргɵндү айыл Ɵкмɵтүнүн аймагындагы негизги арыктардын бири болгон 1930-жылдан бери аймактагы калктын 80 % ын агын суу менен камсыз кылып келген Жаны-Арык арыгынын 180 (бир жуз сексен) метр аралыгы Бургонду айыл аймагынын кармагында калтырылсын.
3. Жогорудагы айтылган жерлер Ош-Бишкек стратегиялык унаа жолуна 100 метр аралыкта жакын жайгашкандыктан Кыргыз Республикасынын жол каттамынын коопсуздугунун корголушу жогорку бийлик органдары тарабынан эске алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Бүргɵндү айылдык Кенешинин эл чарбасы, айыл чарбасы, ɵнɵр жай, транспорт жана энергетика боюнча боюнча туруктуу комиссиясынын тɵрагасы А.Расуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Асанбаев |