Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII- чакырылышынын IV –сессиясы
2017-жылдын 01-марты № 1
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Мырзакаримовтун отчетун угуп жана талкуулап.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Мырзакаримовтун отчету эске алынсын. (отчет тиркелет).
2. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдын белгиленген бюджетинин киреше бөлүгү 14341,2 мин сом эсебинде бекитилип, 16641,6 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин (расчеттор тиркелет).
3. Чыгаша бөлүгү смета боюнча 16035,7 мин сом бекитилип, 17276,1 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин (расчет тиркелет)
4. Өндүрүлбөй калган салыктарды жана ижара акыларды өндүрүп кошумча киреше булактарын таап бюджетти толтуруу, бюджеттин натыйжалуулугун камсыз кылуу жагы финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык Кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Сатыкулов милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Асанбаев |