Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII- чакырылышынын IV –сессиясы
2017-жылдын 01-марты № 4
Бүргөндү айыл ѳкмөтүнүн 2017-жылдын жергиликтүү бюджетти жана 2018-2019- жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Бүргөндү айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы Бүргөндү айыл ѳкмөтүнүн Финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Мырзакаримовдун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылга бюджети жана 2018-2019 жылдарга бюджетинин долбоору боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ КР нын Мыйзамынын 4-бѳлүмүнүн, 31-беренесинин, 2,2-пункутуна ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын IV-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бүргөндү айыл ѳкмөтүнүн Финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Мырзакаримовдун айыл ѳкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылга бюджети жана 2018-2019 жылдарга долбоору боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл ѳкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин 2017-жылга бюджети 16912,1 миң сом жана 2018-жылга долбоору 17247,8 миң сом, 2019-жылга долбоору 17709,5 миң сом №1 тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Бүргөндү айыл ѳкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашаларынын 2017-жылга бюджети 16912,1 миң сом жана 2018- жылга долбоору 17247,8 миң сом, 2019-жылга долбоору 17709,5 миң сом №2 тиркемеге ылайык белгиленсин.
4. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 1-январына карата кассалык накталай акча каражат жүгүртүүсү 180,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
5. Жергиликтүү бюджеттин чыгашалары биринчи кезекте корголуучу статья чыгымдарына (эмгек акы, соц фондко чегерүү, тамак аш чыгымы) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө каралсын.
6. Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин түшүүсүнө карата жана финансы минстрлиги тарабынан берилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү бюджеттин натыйжалуулугун көтөрүү жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А. Мырзакаримовко жүктөлсүн.
7. Бүргөндү айыл ѳкмөтүнүн бюджетинин жетишпестигин жоюу үчүн кошумча каржылоо булактарын табуу жана ички резервтерди пайдалануу менен муниципалдык жерлерди аукцион аркылуу сатуу жана 2016-жылы өндүрүлбөй калган салыктар, ижара акыларды өндүрүү боюнча иш алып баруу жагы, киреше булактарын табуу, өстүрүү, айыл аймактык социялдык өнүгүү маселелерин чечүү жана 2017-жылга белгиленген иш-пландарды аткаруу үчүн, айылдын инфра-структураларын өнүктүрүү боюнча 1269,3 мин сом, кошумча каржылоо булактарын табуу айыл ѳкмөтүнүн башчысына жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А. Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
8. Бул токтом райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук малекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Сатыкуловко милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Асанбаев |