Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII- чакырылышынын IV –сессиясы
2017-жылдын 01-марты № 6
«Бүргөндү айыл аймагында түзүлгөн Аксакалдар сотунун мүчөлөрүн бекитүү жана катоо жөнүндө»
Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айыл тургундарынын жалпы жыйынынын 25.07.2016-ж. токтомун, Ношкен айылынын тургундарынын 16.10.2016-ж. Борсолдой айылынын тургундарынын 12.11.2016-ж. Жүзүм-Бак айылынын тургундарынын 15.10.2016-ж. жана Курама айылынын тургундарынын 19.02.2017-жылдагы жалпы чогулуштарынын токтомдорун карап, угуп жана талкуулап Аксакалдар соту жѳнүндѳ КР нын Мыйзамынын 1-бѳлүмүнүн, 1-беренесине ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын IV-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бүргөндү айыл аймагынын айылдарында Аксакалдар сотуна мүчөлөрдү көрсөтүү боюнча өткөрүлгөн жалпы чогулуштарынын токтомдору эске алынсын.
2. Аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн 5 кишиден турган курамы бекитилсин. (Тиркемеге ылайык).
3. Бүргөндү айыл аймагынын Аксакалдар соту Бүргөндү айылдык кеңешине каттоого алынсын.
4. Бул токтом райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук малекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Аксакалдар сотуна атайын бөлмө ажыратып берүү Бүргөндү айыл ѳкмөтүнүн убактылуу милдетин аткаруучу Б.Кубатовко жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө, Бүргөндү айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Сейталиевке милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Асанбаев |