Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII- чакырылышынын V –сессиясы
2017-жылдын 17-марты № 1
“Бүргөндү айыл ѳкмүтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 6-бѳлүмүнүн, 49-беренесинин, 2-пункутуна ылайык Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы С. Турдалиевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап «Жергилктүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 6-бѳлүмүнүн, 49-беренесинин, 2-пункутуна ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын V –сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1 Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын З.Саттаровдун билдирүүсү эске алынсын..
2. Ноокен аймактык шайлоо боюнча комиссиясынын Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча протоколу бекитилсин. (Протокол тиркелет).
3.Айыл ѳкмөтүнүн башчысы болуп 14 добуш алган Сатыкулов Азамат Алаңбаевич шайлансын.
4. Бул токтом райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук малекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Сейталиевке жүктѳлсүн.
Төрага | Т.Асанбаев |