Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII- чакырылышынын V –сессиясы
2017-жылдын 17-марты № 2
“Бүргөндү айыл аймагындагы бак жерлеринин ижара акысын жогорулатуу жөнүндө”
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча айылдык Кеңештин алдында түзүлгөн жер комиссиясынын айыл аймагындагы бак эсебиндеги жерлердин көп жылдардан бери ижара акы өлчөмү 4150 (төрт миң бир жүз элүү) сом өлчөмүндө бир баада тургандыгын, ижара акыны жер аянтынын кыртыштык түзүмүнө карап гектарына 6000 (алты миң) сом өлчөмүндө көтөрүү менен жергиликтүү бюджеттин киреше тармагын жогорулатуу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” КР нын Мыйзамынын 4-бѳлүмүнүн, 31-беренесинин, 4.4-пункутуна ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын V –сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча айылдык кеңештин алдында түзүлгөн жер комиссиясынын айыл аймагындагы бак эсебиндеги жерлердин көп жылдардан бери ижара акы өлчөмү 4150 (төрт миң бир жүз элүү) сом өлчөмүндө бир баада тургандыгын, ижара акыны жер аянтынын кыртыштык түзүмүнө карап гектарына 6000 (алты миң) сом өлчөмүндө көтөрүү менен жергиликтүү бюджеттин киреше тармагын жогорулатуу жөнүндөгү сунушу эске алынсын..
2. Айыл аймагындагы бак эсебиндеги жерлердин ижара акы өлчөмү жер аянтынын кыртыштык түзүмүнө карап 1,0 (бир) гектарына 6000 ( алты миң) сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Бул токтом райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук малекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышы айыл ѳкмѳт башчысы А. Сатыкуловго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай, транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Расуловко жүктѳлсүн.
Төрага | Т.Асанбаев |