Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII- чакырылышынын V –сессиясы
2017-жылдын 06-апрели № 1
“Намаздык–Ата жайыт бирикмесинин 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2017-жылдагы иш планын жана бюджетин бекитүү жөнүндө”
“Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин башчысынын 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча М.Джолдошовдун маалыматын, 2017-жылга иш планын жана бюджетин бекитүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап “Жайыттар жѳнүндѳ” КР нын Мыйзамынын 6,7,8-беренелерине ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз VI –сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.“Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин башчысынын 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча М.Джолдошовдун маалыматы, 2017-жылга иш планынын жана бюджетин бекитүү жөнүндөгү билдирүүсү эске алынсын.
2.“Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы бекитилсин.
3. Жайыт төлөмдөрүнүн ставкалары тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. “Намаздык-Ата” жайыт комитетинин 2017-жылга карата түзүлгөн иш планы бекитилсин.
5. «Намаздык-Ата» жайыт комитетинин 2017-жылга бюджети бекитилсин.
6. «Намаздык–Ата» жайыт комитетинин бюджетин көтөрүүгө тийиштүү бардык иш чараларды көрүү жагы М.Джолдошовко милдеттендирилсин.
7. «Намазжык-Ата» жайыт комитетине караштуу жайыттарда мал чарбасын өнүктүрүү үчүн керектүү инфраструктураны түптөш боюнча программаны даярдоо жагы М.Джолдошовко милдеттендирилсин.
8. Бүргөндү айыл аймагындагы райондук жайыт фондундагы жайыттарды Жаңы-Арык, Ношкен жана Жеңиш айылынын жайыт пайдалануучуларына пайдаланууга берүүнү Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.С.Маматаевден жана райондук жайыт комиссиясынын төрагасы Т.Эшиевден суралсын.
9. Ноокен райондук жайыт фондунун жайыттарын көп жылдык пайдаланууга алуу жөнүндөгү документтерин даярдоону жана камсыздоону «Намаздык-Ата» жайыт комитетинин төрагасы М.Джолдошовко, Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Сатыкуловко милдеттендирилсин.
10. «Намаздык-Ата» жайыт комитетине караштуу жайыттардын кыртышын, пычан жайыт жерлердин кыртышын сактоо боюнча иш чара иштеп чыгуу жагы жайыт комитетине жүктөлсүн.
11. Менчик мал багарлар улуу жайлоолорго жайыт комитетинен жайыт белетин алмайынча көчүбѳѳ жагы жайыт комитетинин башчысы М.Джолдошовко милдеттендирилсин.
12. Менчик мал багарлар жеке ишкер катары патент алуу жагы ар бир менчик мал багарга милдеттендирилсин.
13. Кара мал, кой, эчки жана жылкы санагы короодо баары толугу менен эсепке алынсын.
14. Бүргөндү айыл аймагындагы пычан жайыттарды корукка алуу жагы Намаздык-Ата жайыт комитетинин төрагасы М.Джолдошовко милдеттендирилсин.
15. Бул токтом райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук малекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
16. Токтомдун аткарылышы айыл ѳкмѳт башчы А. Сатыкуловго милдеттендирилсин.
17. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Эл чарбасы, айыл чарба, өнөр жай, транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Расуловко жүктөлсүн.
Төрага | Т.Асанбаев |