Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII- чакырылышынын V –сессиясы
2017-жылдын 06-апрели № 2
“Намаздык–Ата жайыт бирикмесинин Бүргөндү айыл ѳкмөтүнүн бюджетинен карызга алган акча каражаты жөнүндө”
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI- чакырылышынын ХХХII –сессиясынын № 6-токтому жана 2017-жылдын жайыттын ижара акысын төлөө жөнүндөгү Бүргөндү айыл ѳкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Мырзакаримовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап “Жайыт жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” КР нын Мыйзамына ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз VI –сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бүргөндү айыл ѳкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Мырзакаримовдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Намаздык-Ата жайыт бирикмесине 2016-жылдын 25-октябрына чейин 1-айлык мөөнөткө кайтарымдуу түрдө берилген 55 000 (элүү беш миң) сом акча каражаты Бүргөндү айыл ѳкмөтүнүн бюджетине төлөнүп берилсин.
3. Намаздык-Ата жайыт бирикмесинин 2016-жылга 86000 (сексен алты миң) сом жайыт акысы Бүргөндү айыл ѳкмөтүнүн эсебине которуу жагы М.Джолдошовко милдеттендирилсин.
4. Ал эми жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатты белгиленген мөөнөттө кайтарып алуу жана жергиликтүү бюджетке чегерүүнү айыл ѳкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Мырзакаримовко жана айыл ѳкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом райондук «Ноокен Жаңырыгы» гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловго милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Финансы, бюджет, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Мирзаевке жүктѳлсүн.
Төрага | Т.Асанбаев |