Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII- чакырылышынын V –сессиясы
2017-жылдын 06-апрели № 3
“Намаздык–Ата жайыт бирикмесинин жайыттарды пайдалануудагы төлөм акыларды казыналык эсепке алуу жөнүндө”
Бүргөндү айыл ѳкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Мырзакаримовдун Финансы Министирлигинин Ноокен башкармалыгынын 2017-жылдын 13-январындагы №01-8/7 сандуу катында көрсөтүлгөн жайыт комитетинин бюджетин райондук казына бөлүмү аркылуу өткөрүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап КР нын Бюджеттик кодексине ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз VI –сессиясы.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бүргөндү айыл ѳкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Мырзакаримовдун билдирүүсү эске алынсын..
2. «Намаздык-Ата» жайыт бирикмесине 2017-жылдагы бюджетин Ноокен райондук казына бөлүмү аркылуу өткөрүү, жүргүзүү жагы бухгалтер К.Акимжановко жана М.Джолдошовко милдеттендирилсин.
3. «Намаздык-Ата» жайыт бирикмесине 2017-жылдагы бюджетин райондук казына бөлүмү аркылуу өткөрүү, жүргүзүү жагын камсыздоо Бүргөндү айыл ѳкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом райондук «Ноокен Жаңырыгы» гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышы Бүргѳндү айыл ѳкмѳт башчысы А. Сатыкуловго милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө дагы Бүргөндү айылдык кеңешинин «Эл чарбасы , айыл чарба , өнөр жай, транспортжана энергетика» боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Расуловко жүктөлсүн.
Төрага | Т.Асанбаев |