Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII- чакырылышынын V –сессиясы
2017-жылдын 06-апрели № 5
“Бүргөндү айылдык кеңешинин депутаты Токторали уулу Кайраттын кайрылуусу жөнүндө ”
Бүргөндү айылдык кеңешинин депутуты Токторали уулу Кайраттын Бүргѳндү айыл аймагына караштуу Таш-Коргон, Бүргөндү жана Ат-Чабар, көчөлөрүнө шагыл төшөө боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” КР нын 3-бѳлүмүнүн. 18-беренесинин, 6-пункутуна ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз VI –сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бүргөндү айылдык кеңешинин депутуты Токторали уулу Кайраттын билдирүүсү эске алынсын..
2. Бүргѳндү айыл аймагынын Таш-Коргон, Бүргөндү жана Ат-Чабар көчөлөрүнө шагал төшөөгө керектүү 30000 (отуз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Бүргѳндү айыл аймагына караштуу Таш-Коргон, Бүргөндү жана Ат-Чабар, көчөлөрүнө шагал төшөөгө керектүү акча каражатын таап жана ажыратып берүү жагы финансы, бюджет, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Мирзаевке, Бүргөндү айыл ѳкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом райондук «Ноокен Жаңырыгы» гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышы Бүргѳндү айыл ѳкмѳт башчысы А. Сатыкуловго милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Эл чарбасы , айыл чарба , өнөр жай, транспортжана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Расуловко жана финансы, бюджет, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Мирзаевке жүктөлсүн.
Төрага | Т.Асанбаев |