Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII- чакырылышынын V –сессиясы
2017-жылдын 17-июну № 6
«М.Темиров жана У.Кадыровдун арыздары жѳнүндѳ»
Кыпчак-Талаа айылынын тургундары Темиров Маматали жана Кадыров Усенбектин Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынан сунуш түшкѳндүгүнѳ байланыштуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын мүчѳлүгүнѳ кѳрсѳтүү боюнча чечим чыгарып берүү жѳнүндѳгү арыздарын угуп жана талкуулап “КР нын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳгү” КР нын Мыйзамына ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын VII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыпчак-Талаа айылынын тургундары Темиров Маматали жана Кадыров Усенбектин арыздары эске алынсын.
2. Кыпчак-Талаа айылынын тургундары Темиров Маматали жана Кадыров Усенбектер Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын мүчѳлүгүнѳ сунушталсын.
3. Бул токтом Ноокен райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы А.Божиевке милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартип, депутаттык иш жана этика боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Р. Сейталиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.Асанбаев |