Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII- чакырылышынын кезекси VIII–сессиясы
2017-жылдын 17-июлу № 1
«Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагында калк жашаган конуштардагы жайыт жерлеринен жалпысынан 636,0 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндө»
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 17.07.2017-жылдагы № 01-16/561 сандуу сунуш билдирүүсүн угуп жана талкуулап КР нын Жер кодексинин 1-бѳлүмүнүн, 13 беренесине жана КР нын Ѳкмѳтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 токтомуна ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловтун калк жашаган конуштардагы жайыт жерлеринен жалпысынан 636,0 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү кайрылуусу эске алынсын.
2.Айыл аймагында Кызыл-Кыя айылындагы № 92, 110 контурунан 9,40 га, Кыпчак-Талаа айылындагы № 346, 274 контурунан 8,20 га, Койкулак участкасынан № 493 контурунан 3,0 га, Ат-Чабар айылынан № 1110, 1114, 1115, контурларынан 7,0 га, «Келечек» каналынын участкасындагы № 527, 528, 529, 537, 538, 539, 540, 542, 543, 741, 748, 838, 2000, 2000а, контурларынан 60,0 га, Борсолдой айылындагы № 852, 854, 856, 857, 858 контурларынан 6,0 га, Ууру-Жар айылындагы № 731, 734, 735, 737, 741, 751, 752, 756, 758, 759, 760, 761, 762, контурларындагы 28,0 га, Кочкор-Кыштак айылындагы № 788, 778, контурларынан 2,0 га, Беш-Банги участкасынан 0,80 га, Ормон, Чарбак айылдарынан № 1641, 1657 контурларынан 4,0 га, Жаштык айылындагы № 1254, 1225, 1539, 1540, 1541, 1542, 1551, 1645 контурларынан 24,0 га, Шалы-Пая участкасындагы № 1602 контурунан 5,0 га, Жеңиш айылындагы № 1724, 1726, 1727, 1782, 2269 контурларынан 16,80 га, Курама айылындагы № 2194, 2195, 2203, 2205, 2237, 2241, 2243, 2245, 2364, 2365, 2366, 2375, 2376, 2377, 2378, 2438, 2450 контурларынан 14,0 га, Ношкен айылындагы № 1994, 1962, 1841 контурларынан 35,80 га жер аянты, жапысынан 223,0 га жайыт жер аянттарын, жайыт жерлер катигориясынан калктуу конуш категориясына, Жаңы-Арык айылынын «Келечек» каналынын участогунан № 836, 838, 839, 841, контурларынан 412,0 га жайыт жер аянтын, жайыт жерлер категориясынан айыл чарба багытындагы мелиоративдик даярдыктагы жерлеринин категориясына (трансфолмациялансын) которулсун.
3.Жогорудагы көрсөтүлгөн жер аянттарын трансформациялоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен керектелген акча каражаттарды бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы А. Мырзакаримовго милдеттендирилсин.
4. Жогорудагы көрсөтүлгөн жер аянттарын которууда жайыт комитети менен макулдашып уруксат алуу жагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловго милдеттендирилсин.
5. Жалпы аянты 636,0 гектарды түзгөн айылдык калк жашаган конуштардагы жайыт жерлерин бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоо) Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы түзүлгөн жер комиссиясынан суралсын.
6. Бул токтом райондук «Ноокен Жаңырыгы» гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловго милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин эл чарбасы, транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Арстанбековко жана финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г. Мирзаевке жүктөлсүн.
Төрага | Т.Асанбаев |