Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII- чакырылышынын кезекси VIII–сессиясы
2017-жылдын 17-июлу № 2
«Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жылдын алты айлык аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө»
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жылдын алты айлык аткарган иштери боюнча отчетун угуп жана талкуулап, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө КРнын мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 6-пунктуна ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жылдын алты айлык аткарган иштери боюнча отчету эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн алты айлык аткарган иштери боюнча отчету канаатандырарлык деп табылсын.
3. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын алты айындагы кемчилдиктерин жыл ичи четтетүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловго милдеттендирилсин.
4.Бүргөндү айыл аймагындагы муниципалдык бош жерлерди тактап айыл өкмөтүнүн реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына А. Сатыкуловго милдеттендирилсин.
5. Такталган муниципалдык жерлерди ишкердүүлүктү колдоо, казынага киреше түшүрүү максатында коммерциялык багытта аукцион аркылуу сатуу программасын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкулов милдеттендирилсин.
5. Бул токтом райондук «Ноокен жаңырыгы» гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловко милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г. Мирзаевке жүктөлсүн.
Төрага | Т.Асанбаев |