Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII- чакырылышынын кезекси VIII–сессиясы
2017-жылдын 17-июлу № 3
«Бүргөндү айыл аймагынын тургундарына үй куруу үчүн жер тилкелерин берүүнү ишке ашыруу үчүн жерге укук берүү комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө»
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ф. Джумабекованын Бүргөндү айыл аймагынын тургундарына үй куруу үчүн жер тилкелерди берүүнү ишке ашыруу үчүн жерге укук берүү комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23. 09. 2011-жылы № 571 сандуу токтому менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү Типтүү Жобонун 7 пунктуна ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII- чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басар
Ф. Джумабекованын Бүргөндү айыл аймагынын тургундарына үй куруу үчүн жер тилкелерин берүүнү ишке ашыруу максатында жерге укук берүү комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндөгү сунушу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23. 09. 2011-жылы № 571 сандуу токтому менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү Типтүү Жобонун 7 пунктуна ылайык жерге укук берүү боюнча төмөнкүдөй комиссия курамы бекитилсин:
1).Ф.Джумабекова-Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы орун басары, комиссиянын төрайымы; Мүчөлөрү:
2). К. Эгембердиев-Ноокен райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын адиси;
3). А.Торокулов-Ноокен райондук Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгынын адиси;
4). М.Исмаилова-аялдар кеңешинин төрайымы;
5). У. Мамажанов-айылдык кеңешинин депутаты, Ношкен айылынын тургуну;
6). А. Абдиев-айылдык кеңешинин депутаты, Жүзүм-Бак айылынын тургуну;
7). С. Маматаев-айылдык кеңешинин депутаты, Жаңы-Кыштак айылынын тургуну;
3. Бул токтом райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышы Бүргөндү айылөкмөтүнүн башчысынын орун басары Ф. Джумабековага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Эл чарба, айыл чарба, өнөр жай жана транспорт, энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Арстанбековко жана Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча укуктук комиссиянын төрагасы Р.Сейталиевке милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Асанбаев |