Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII- чакырылышынын кезекси VIII–сессиясы
2017-жылдын 17-июлу № 4
«Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө»
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ф. Джумабекованын Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын түзүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 15.04.2002-жыл № 702-11 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттарын жана тартиби тууралуу” типтүү Жобого таянып Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII- чакырылышынын кезексиз VIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ф. Джумабекованын Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын түзүү жөнүндөгү сунушу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 15.04.2002-жыл № 702-11 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттарын жана тартиби тууралуу” типтүү Жобого ылайык төмөндөгүдөй комиссиянын курамы бекитилсин:
1). А. Сатыкулов - Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы, комиссиянын төрагасы;
Мүчөлөрү:
2). З. Арстанбеков-айылдык кеңешинин “Эл чарба, айыл чарба, өнөр жай
жана транспорт, энергетика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
3). Ф. Джумабекова - айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;
4). А. Оморбеков - айыл өкмөтүнүн жер адиси;
5).М. Маккамов - айылдык кеңешинин депутаты, Таш-Коргон айылынын
тургуну;
6). К. Калбеков - айылдык кеңешинин депутаты, Турдалиев айылынын тургуну;
7). С. Имамова - айылдык кеңешинин депутаты, Ношкен айылынын тургуну;
3. Бул токтом райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ф. Джумабековага милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Эл чарба, айыл чарба, өнөр жай жана транспорт, энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Арстанбековко жана Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча укуктук комиссиянын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Асанбаев |