Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII- чакырылышынын кезекси VIII–сессиясы
2017-жылдын 17-июлу № 5
«Бүргөндү айыл аймагындагы балдар бакчалардын суу кудуктарын залалсыздандыруу үчүн тазалатууга кеткен каражатка акча ажыратуу жөнүндө»
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Г. Шадыканованын Бүргөндү айыл аймагындагы балдар бакчалардын суу кудуктарын залалсыздандыруу үчүн тазалатып берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап, угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” КР нын мыйзамынын 3-бөлүмүнүн, 18 беренесинин 4 жана 5 пункттарына ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз VIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Г. Шадыканованын Бүргөндү айыл аймагындагы бала бакчалардын суу кудуктарын залалсыздандыруу үчүн тазалатып берүү жөнүндөгү кайрылуусу эске алынсын.
2. Бала бакчалардын суу кудуктарын залалсыздандыруу үчүн тазалатып берүүнү Ноокен райондук санепстанциясына билдирүүнү камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Г. Шадыкановага милдеттендирилсин.
3. Суу кудуктарын тазалатууга кете турган акча каражатын убагында ажыратып, максаттуу жумшалышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Мырзакаримовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловго милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин Социалдык, саламаттыкты сактоо, экономика жана тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Калбековго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Асанбаев |