Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII- чакырылышынын кезекси VIII–сессиясы
2017-жылдын 17-июлу № 6
«Бүргөндү айыл аймагында жөө жүрүүчүлөр жана автоуна каражаттары үчүн жол бетиндеги чийиндерди, жол белгилерин орнотуу үчүн акча каражаты ажыратуу жөнүндө»
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун Бүргөндү айыл аймагында айыл тургундарынын, балдардын коопсуздугунун алдын алуу максатында жөө жүрүүчүлөр жана автоунаа каражаттары үчүн жол бетиндеги чийиндилерди, жол белгилерин орнотуу үчүн тийиштүү акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү 29-июнь 2017-жылдагы № 01-16/493, № 04-01/684 сандуу билдирүүсүн карап, угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” КР нын мыйзамына ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун Бүргөндү айыл аймагында жөө жүрүүчүлөр жана автоунаа каражаттары үчүн жол бетиндеги чийиндилерди, жол белгилерин орнотуу үчүн тийиштүү акча каражаты ажыратып берүү жөнүндөгү билдирүүсү эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн жол бетиндеги чийиндилерди, жол белгилерин орнотууну Жалал-Абад ДЭУ-22, Ноокент райондук ДЭП-51 ишканалары менен биргеликте чечүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
3. Жол белгилерин орнотууга кетүүчү акча каражатын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Мырзакаримовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловго милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткаруу жагын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин Эл чарба, айыл чарба, өнөр жай, транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З. Арстанбековго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Асанбаев |