Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII- чакырылышынын кезекси IX–сессиясы
2017-жылдын 25-августу № 1
«Бүргөндү айыл аймагында мектеп, бала бакчалардын жаңы окуу жылына даярдыгы, жалпы социалдык мекемелердин кыш мезгилине даярдыктары жѳнүндѳ»
Бүргөндү айыл аймагындагы мектеп, бала бакчалардын жаңы окуу жылына даярдыгы жана социалдык мекемелердин кыш мезгилине даярдыгы боюнча айыл ѳкмѳтүнүн социалдык жактан коргоо адиси Г. Шадыканованын маалыматын угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүнүндѳ” КРнын Мыйзамына, КРнын Бюджет кодексине ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл ѳкмѳтүнүн социалдык жактан коргоо адиси Г. Шадыканованын Бүргѳндү айыл аймагындагы мектеп, бала бакчалардын жаңы окуу жылына даярдыгы, жалпы социалдык мекемелердин кыш мезгилине даярдыгы боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Жаңы окуу жылына карата мектептерди керектүү эмеректер менен камсыз кылууну, чарбалык чыгымдарын убагында каржылоону райондук БББ жетекчилигине жана бухгалтериясына билдирилсин.
3. Жаңы окуу жылына мектептерде ѳтүүчү баардык сабактарга керектүү мугалимдер менен толуктоо ишин колго алууну Ноокен райондук билим берүү бѳлүмүнѳ, мектептердин директорлоруна милдеттендирилсин.
4. Жаңы окуу жылында мектептерде окуучуларга билим берүүнү жаңы деңгээлге кѳтѳрүү, окуучулардын билим алууда активдүүлүгүн арттыруу, окуучулардын мектептин коомдук иштерине катышуусун камсыз кылуу мектептердин директорлоруна, мектептин администрациясына милдеттендирилсин.
5. Мектептерде, мектептердин ишин жакшыртуу, мектептердин ѳсүп ѳнүгүшүнѳ, кѳмѳк кѳрсѳтүү үчүн ата-энелер комитетин жана камкордук кеңештерин уюштуруу жагы мектеп директорлоруна жана айыл ѳкмѳтүнѳ милдеттендирилсин.
6. Жаңы окуу жылына мектептерге КРнын желегин илүүсүн камсыз кылуу мектептердин директорлоруна милдеттендирилсин.
7. Мектептерде окуучуларды КРнын жараны экенин эстетип, Кыргыз ѳлкѳсүнүн патриотук сезимин ѳрчүтүп, билим берүүнү, тарбиялоону мектеп директоруна, мектеп администрациясына жана эмгек жамаатына милдеттендирилсин.
8. Мектептерде окуучуларды спортко тартуу, маданий иш чараларды ѳткѳрүүдѳ балдардын демилгесин колдоо жана ишке ашырууну мектеп администрациясына жана айыл ѳкмѳтүнүн спорт жана жаштар иштери боюнча адиси С. Мамировго милдеттендирилсин.
9. Мектептерде жаш ѳспүрүмдѳр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди алып барууну Бүргѳндү милиция бѳлүмүнѳ милдеттендирилсин.
10. Мектеп, бала бакчалардын, ооруканалардын, ҮДТ имараттарынын жылытуу жабдууларын оңдоп-түзѳп кыш мезгилине даярдыгын колго алууну айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловго милдеттендирилсин.
11. Мектеп, бала бакчаларды, оорукана, ҮДТ жана ФАП тарды кыш мезгилине даярдыгын текшерип, керектүү кѳмүр менен камсыз кылуу айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловго милдеттендирилсин.
12. Мектеп, бала бакчаларды, оорукана, ҮДТ ларды таза ичимдик суу менен убагында камсыз кылуу айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловго милдеттендирилсин.
13. Жаштык, Буркан айылынын окуучуларын № 18, № 32 мектептерине келип кетүүсүнѳ автоунаа транспорттун иштешин камсыз кылууну, уюштурууну айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловго милдеттендирилсин.
14. Айылдык ооруканага ашкана, мончо, кир жуучу жай жана кампанын имаратын курууга керектүү документтерди даярдоо, курулушка кетүүчү акча каражатын табуу жагы айыл ѳкмѳтүнѳ милдеттендирилсин.
15. Айыл аймагындагы тоголок же жарым жетим балдардын тизмеси такталып айыл ѳкмѳтү тарабынан керектүү жардамдар кѳрсѳтүлүп, турак жай маселеси каралсын.
16. Айыл аймагынын ѳтѳ жакыр үй-бүлѳлѳрүнѳ, жалгыз бой энелерге, ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген тургундарга кышка карата отун, кѳмүр менен камсыздоо жагы айыл ѳкмѳт башчысы А. Сатыкуловго милдеттендирилсин.
17. Айыл аймагынан аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳдү тыкан тактоо, бул үй-бүлѳлѳргѳ жѳлѳк пул чектѳѳ жагын колго алуу айыл ѳкмѳтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси Г. Шадыкановага милдеттендирилсин.
18. Бул токтом Ноокен райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
19. Токтомдун аткарылышы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловго милдеттендирилсин.
20. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳѳ алуу жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г.Мирзаевке жана социалдык, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, жаштар, дене-тарбия жана спорт боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы К.Калбековго жүктѳлсүн.
Төрага | Т.Асанбаев |