Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII- чакырылышынын кезекси IX–сессиясы
2017-жылдын 17-июлу № 6
«Жер кѳчкүдѳн жабыркаган Майлуу-Суу шаарынын 61 кожолугун Жеңиш айылынын, Айдарбек учаскасына жайгаштыруу жѳнүндѳ »
Жер кѳчкүдѳн жабыркаган Майлуу-Суу шаарынын 61 кожолугун турак жай салуу үчүн жер тилкеси менен камсыз кылуу зарыл экендиги жѳнүндѳгү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, КР нын Жалал-Абад оюлусунун ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн областтык Жарандык коргонуу комиссиясынын 2017-жылдын 21-августунда ѳткѳргѳн штабтын ыкчам жыйынынын № 7 протоколуна жана “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” КР нын Мыйзамына ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер кѳчкүдѳн жабыркаган Майлуу-Суу шаарынын 61 кожолугун Жеңиш участкасынын, Айдарбек кѳчѳсүнѳ жайгаштыруу жѳнүндѳгү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловдун кайрылуусун эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарына караштуу Сары-Бээ айыл тургундарынын табыйгый кырсыктан жабырланган 61 кожолука Жеңиш айылынын Айдарбек кѳчѳсүнѳн турак жай салуу үчүн 0,10 га дан жер аянты ажыратылып берилсин.
3. Аталган жер аянтынын башкы планын даярдоого кеткен акча каражаты турак жай менен камсыз болуучу жарандарга жүктѳлсүн.
4. Жогорудагы жер тилкелерге ээ жарандардын курулуш үчүн керектелүүчү иш кагаздарын жана менчике укук берүүчү мамлекеттик актысын даярдап берүү жагы Ноокен райондук Шаар куруу жана Архитектура башкармалыгынан, Ноокен райондук Мамкаттоо башкармалыгынан суралсын.
5. Бул токтом Ноокен райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин Эл чарбасы, айыл чарбасы, ѳнѳр жай, транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы З.Арстанбековго жүктѳлсүн.
Төрага | Т.Асанбаев |