Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII- чакырылышынын кезекси IX–сессиясы
2017-жылдын 25-августу № 3
«Таза сууга бѳлүнгѳн 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражатын Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн курулуп жаткан социалдык объектилеринин долбоорлорунун сметаларында каралган 5 % депозиттерине убактылуу чегерип туруу жөнүндө»
Ноокен райондук ѳнүктүрүү фондунун акча каражаты эсебинен Бүргѳндү айыл аймагында курулуп жаткан социалдык объектилерге айыл ѳкмѳтүнүн 5 % салымдары чоң болгондугуна байланыштуу “Таза суу” долбоорун ишке ашыруу максатында ажыратылган 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражатын жогорудагы долбоорлорду бүткѳрүүгѳ убактылуу ажыратып берүү жѳнүндѳгү Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловтун кайрылуусун карап, угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” КР нын Мыйзамына ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловтун кайрылуусу эске алынсын.
2. “Таза суу” долбоорунун 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловтун жана айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ нин башчысы А. Мырзакаримовтун кайра “Таза суу” долбоору ишке ашкыча 20 (жыйырма) күн ичинде кайтарууга кепилдик катына ылайык берилсин.
3. Бүргѳндү айыл аймагында курулуп жаткан социалдык объектилерди бүткѳрүү үчүн айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кайрылуусунун негизинде “Таза суу” долбоорун ишке ашырууга бѳлүнгѳн 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
4. Бѳлүнгѳн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ нин башчысы А. Мырзакаримовго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Ноокен райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г. Мирзаевге жүктѳлсүн.
Төрага | Т.Асанбаев |