Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII- чакырылышынын кезекси IX–сессиясы
2017-жылдын 25-августу № 4
“Намаздык-Ата” жайыт комитетинин жетекчиси М. Джолдошовдун кайрылуусу жѳнүндѳ”
Бүргөндү айыл аймагындагы “Намаздык-Ата” жайыт комитетинин жетекчиси М. Джолдошовдун АРИС тарабынан бериле турган “Фронтальный Погрузчик ” техникасы 3500000 сом турат, техниканы алуу үчүн 25% депозит акчасын эл тарабынан чогултуп берүүсү зарыл, ошондуктан 3500000 (үч миллион беш жүз миң) сомдун 25% жергиликтүү бюджеттин эсебинен бѳлүп берүү жѳнүндѳгү кайрылуусун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” КР нын мыйзамына жана КР нын “Жайыттар жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги IX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргѳндү айыл аймагындагы “Намаздык-Ата” жайыт комитетинин жетекчиси М. Джолдошовдун АРИС тарабынан бериле турган “Фронтальный Погрузчик ” техникасы 3500000 сом турат, техниканын алуу үчүн 25% депозит акчасын эл тарабынан чогултуп берүүсү зарыл, ошондуктан 3500000 (үч миллион беш жүз миң) сомдун 25% жергиликтүү бюджеттин эсебинен бѳлүп берүү жѳнүндѳгү кайрылуусу эске алынсын.
2. “Намаздык-Ата” жайыт комитетинин жетекчиси М. Джолдошовдун кайрылуусунда суралган 900 000 (тогуз жүз миң) сом акча каражатын чечүүдѳ Бүргѳндү айыл ѳкмѳт башчысы А. Сатыкулов жана жайыт комитетинин жетекчиси М. Джолдошов биргеликте мыйзам чегинде макуулдашып, келишип Бүргѳндү айылдык кеңешинин кийинки сессиясына сунуш киргизүү жагы эки жетекчиге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловко жана “Намаздык-Ата” жайыт комитетинин жетекчиси М.Джолдошовко жүктѳлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Финансы, бюджет, ишкердүүлүктү чакан жана орто бизнести колдоо, ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г. Мирзаевге жана Эл чарба, айыл чарба, өнөр жай жана транспорт, энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Арстанбековко жүктөлсүн.
Төрага | Т.Асанбаев |