Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-августу № 5
«Ормон айылынын тургуну Токонова Анаранын жазган арызы жөнүндө»
Бүргөндү айыл аймагындагы Ормон айылынын тургуну Токонова Анаранын жазган арызында жолдошу Каратаев Замир боорунун оор дартына (церроз печени) чалдыккандыктан чет мамлекетте дарылатуу үчүн чоң суммада акча каражатын бѳлүп берүү жѳнүндѳ жазган арызын (ооруугандыгы жѳнүндѳ анализ тактамалары тиркелет) жана үй-бүлѳнүн турмуш шарты оор айыл ѳкмѳтүнүн жакыр үй-бүлѳсүнѳ киргендигин эске алып, угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги IX -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргѳндү айыл аймагындагы Ормон айылынын тургуну Токонова Анаранын жазган арызында жолдошу Каратаев Замир боорунун оор дартына (церроз печени) чалдыккандыктан чет мамлекетте дарылатуу үчүн чоң суммада акча каражатын бѳлүп берүү жѳнүндѳ жазган арызы эске алынсын.
2. Ормон айылынын тургуну Токонова Анаранын жазган арызында белгиленгендей Каратаев Замир боорунун оор дартына (церроз печени) чалдыккандыгына байланыштуу турмуш шарты оор жана жакыр үй-бүлѳ болгондуктан, жакыр үй-бүлѳѳ катары (2016-жылдын 05-мартында № 121 соц. паспорт) каттоодо тургандыктан дарылануу үчүн эч кандай шарты жоктугуна байланыштуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Ормон айылынын тургуну Каратаев Замирге акча каражатын бѳлүп берүү жагы ФЭБүнүн башкы бухгалтери А. Мырзакаримовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловго жүктѳлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Финансы, бюджет, ишкердүүлүктү чакан жана орто бизнести колдоо, ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г. Мирзаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Асанбаев |