Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги IX- сессиясы
2017-жылдын 25-августу № 6
“Айыл аймагында жашаган жарандарга турак жай салуу үчүн 0,12 га дан берилип жаткан жер аянтын мындан аары жер тартыштыгына байланыштуу 0,10 га дан берилсин деп бекитип берүү жѳнүндѳ”
Айыл аймагында кожолуктун саны жылдан-жылга ѳсүп жаткандыгына байланыштуу, жергиликтүү тургундарга турак жай салуу үчүн деп берилип жаткан жер аянтын, мындан аары жер тартыштыгына байланыштуу 0,12 га эмес, 0,10 га деп бекитип берүү жѳнүндѳгү айыл ѳкмѳт башчысы А.Сатыкуловтун кайрылуусун угуп жанаталкуулап, “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” КР нын Мыйзамына ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII- чакырылышынын кезектеги IX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында кожолуктун саны жылдан-жылга ѳсүп жаткандыгына байланыштуу, жергиликтүү тургундарга турак жай салуу үчүн деп берилип жаткан жер аянтын, мындан аары жер тартыштыгына байланыштуу 0,12 га эмес, 0,10 га деп бекитип берүү жѳнүндѳгү айыл ѳкмѳт башчысы А.Сатыкуловтун кайрылуусун эске алынсын.
2. Айыл ѳкмѳттүн аймагында турак жай салуу үчүн деп берилип жаткан жер аянты, мындан аары 0,12 га дан эмес, 0,10 га дан деп бекитилсин.
3. Бул токтом Ноокен райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин Эл чарбасы, айыл чарбасы, ѳнѳр жай, транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы З.Арстанбековго жана Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча укуктук комиссиянын төрагасы Р. Сейталиевке жүктѳлсүн
Төрага | Т. Асанбаев |