БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги IX- сессиясы
2017-жылдын 28-августу № 6
«Бүргөндү айыл аймагында № 32 Жеңиш орто мектебине эмгек ардагери Дүйшенбиев Мырзакмат Токтомаматовичтин ысымын ыйгаруу жѳнүнүндѳ»
Бүргөндү айыл аймагындагы № 32 Жеңиш орто мектебинин жамаатынын 2017-жылдын 5-августунда ѳткѳн жалпы жыйынынын № 1 протоколунун чечимин, мектеп жамаатынын сунушун, Жеңиш айылынын тургундарынын, ѳкүлдѳрүнүн жалпы жыйынынын 2017-жылдын 27-августындагы протоколу, чечимин жана Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын 2017-жылдын 23-августундагы № 01-16/650 сандуу сунушун карап, угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” КР нын мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштары жѳнүндѳ” КР нын мыйзамына ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз X- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 32 Жеңиш орто мектебинин жамаатынын 2017-жылдын 5-августунда ѳткѳн жалпы жыйынынын № 1 протоколунун чечими, Жеңиш айылынын тургундарынын, ѳкүлдѳрүнүн жалпы жыйынынын 2017-жылдын 27-августындагы протоколу, чечими жана Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын 2017-жылдын 23-августундагы № 01-16/650 сандуу сунуштары эске алынсын.
2. Бүргѳндү айыл аймагындагы № 32 Жеңиш орто мектебине Эмгектин Ардагери Дүйшенбиев М. Т. ысымы ыйгарылсын.
3. № 32 Жеңиш орто мектебине эмгектин ардагери Дүйшенбиев М. Т. ысымын ыйгарууну Ноокен райондук билим берүү бѳлүмүнүн башчысы Б. С. Козиевтен суралсын.
4. № 32 орто мектебин жаңы аталышка ылайыктап жасалгалоо жана мектепти оңдоп-түзѳѳгѳ жакындан кѳмѳк, жардам кѳрсѳтүү жана демѳѳрчүлүк кылуу жагы Дүйшенбиевтердин үй-бүлѳѳсүнѳ жүктѳлсүн.
5. Бул токтом райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловго милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин Социалдык, саламаттыкты сактоо, экология, тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы К. Калбековко жүктѳлсү.
Төрага | Т. Асанбаев |