Редакцияот 27.11.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылышынын кезектеги XI- сессиясы

2017-жылдын 27-ноябры № 1

«Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн 2017- жылдын 9 айлык бюджетинин аткарылышы жѳнүндѳ»

Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын 9 айлык бюджетинин аткарылышы жѳнүндѳ ФЭБ нүн башчысы А. Мырзакаримовтун отчетун угуп, Бүргѳндү айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет чакан жана орто ишкердүүлүктү ѳнүктүрүү маселеси боюнча турукткк комиссиянын отурумунун 2017-жылдын 21-ноябрындагы портоколун карап жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” КР нын Мыйзамынын 4 бѳлүмүнүн, 31 беренесинин, 2.2 пункутуна ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XI- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын 9 айлык бюджетинин аткарылышы жѳнүндѳ ФЭБ нүн башчысы А. Мырзакаримовтун отчетун эске алынсын. (Отчету тиркелет).

2. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын 9 айына такталган план бюджетинин киреше бѳлүгү 15399,5 миң сом эсебинде бекитилип, 15808,5 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин. (Эсептер тиркелет).

3. Чыгаша бѳлүгү смета боюнча такталган планы 16311,4 миң сом бекитилип, 11729,9 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин. (Эсеп тиркелет).

4. Ѳндүрүлбѳй калган салыктарды жана ижара акыларды ѳндүрүп кошумча киреше булактарын таап бюджетти толтуруу ФЭБ нүн башчысы А. Мырзакаримовго милдеттендирилсин.

5. Бул токтом Ноокен райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Токтомдун аткарылышы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.

7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г. Мирзаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Асанбаев