Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XI- сессиясы
2017-жылдын 27-ноябры № 1
«Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловтун 2017- жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери жѳнүндѳ»
Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын 2017-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча отчетун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” КР нын Мыйзамынын 4 бѳлүмүнүн, 31 беренесинин, 6 пункутуна ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловтун 2017-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча отчету эске алынсын. (Отчету тиркелет).
2. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловтун 2017-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.
3. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштеринин кемчилдиктерин жыл этегине чейин четтетүү жагы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Бош жаткан муниципалдык жерлерди аныктап, тактап, реестрин түзүп жеке ишкерлерди колдоо багытында аукцион аркылуу муниципалдык жерлерди сатыка коюу программасын кийинки сессияга сунуштоо айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
5. Бүргѳндү айыл аймагы боюнча ѳздѳштүрүлгѳн жерлерди тактап, тизмесин кийинки сессияга сунуштоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
6. КБФ нун 347,0 га жеринин ижарачыларынын тизмеси такталып кийинки сессияга маалымдоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
7. Чоң жол боюндагы мектептердин, бала бакчалардын жана коомдук жайлардын тушуна жол белгилерин, жүргүнчүлѳр ѳтүүчү жол сызыктарын орнотууну кийинки сессияга чейин бүткѳрүүнү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
8. Ош-Бишкек жолуна Жаңы-Жол айылынын аймагына “Мал айдап ѳтүү”, “Кѳңүл бул” , “Ылдамдыкты чектѳѳ” жол белгилерин орнотуу айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
9. Борбордук таштанды, чыгынды таштоочу жайга эскертүү белгилерин койдуруу, таштанды таштоочу жайдан башка жакка таштанды – чыгындыларды тѳккѳнгѳ катаал чараларды кѳрүү белгилерин орнотуу айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
10. Жаштык айылынын аймагындагы чек аранын жанындагы электр трансформаторун элдик конушка жакын орнотуп электр энергиясы менен камсыздоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
11. Бул токтом Ноокен райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
12. Токтомдун аткарылышын Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
13. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г. Мирзаевге, Эл чарба, айыл чарба, ѳнѳр жай жана транспорт, энергетика боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы З. Арстанбековко жана Социалдык, саламаттыкты сактоо, экономика жана тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Калбековго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Асанбаев |