Редакцияот 27.11.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылышынын кезектеги XI- сессиясы

2017-жылдын 27-ноябры № 3

 «Бүргѳндү айыл аймагындагы Жаңы-Арык айылында жайгашкан № 28 “Алтын Уя” бала бакчасына кошумча жаңы имаратын куруу боюнча долбоорун жүзѳгѳ ашырууда айыл ѳкмѳтүнүн салымына акча каражатын бѳлүү жөнүндө»

Ноокен райондук ѳнүктүрүү фондунун акча каражаты эсебинен Бүргѳндү айыл аймагында курулуп жаткан социалдык объектилерге айыл ѳкмѳтүнүн 5 % салымдары боюнча Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловтун 2017-жылдын 20-ноябрдагы № 01-16/929 сандуу сунушун карап, угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” КР нын Мыйзамына ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XI- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловтун сунушу эске алынсын.

2. Ноокен райондук ѳнүгүү фондуна тапшырылган Жаңы-Арык айылындагы № 28 “Алтын Уя” бала бакчасына кошумча жаңы имаратын куруу боюнча долбооруна Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн 5 % дык 300 000 (үч жүз миң) сом салым акча каражаты бѳлүп берилсин.

3. Бѳлүнгѳн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБү нүн башчысы А. Мырзакаримовго милдеттендирилсин.

4. № 28 “Алтын Уя” бала бакчасына кошумча жаңы имаратын куруу боюнча долбоору приоритеттүү деп белгиленсин.

5. № 28 “Алтын Уя” бала бакчасынын долбоорун ишке ашыруу үчүн эл арасында бул долбоордун маанилүүлүгүн түшүндүрүү менен 882 300 (сегиз жүз сексен эки миң үч жүз) сом акча каражатын чогултуу жагы айыл ѳкмѳт башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.

5. Бул токтом Ноокен райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Токтомдун аткарылышы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.

7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г. Мирзаевге жана Социалдык, саламаттыкты сактоо, экономика жана тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Калбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Асанбаев