Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XI- сессиясы
2017-жылдын 27-ноябры № 4
«Бүргѳндү айыл аймагындагы Кызыл-Кыя айылында жаңы курулуп жаткан ФАП боюнча долбоорду жүзѳгѳ ашырууда айыл ѳкмѳтүнүн жана Кызыл-Кыя айылынын тургундарынын салымы үчүн акча каражатын бѳлүү жөнүндө»
Бүргѳндү айыл аймагындагы Кызыл-Кыя айылында курула турган ФАП нун 5 % салымы боюнча Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловтун 2017-жылдын 20-ноябрдагы № 01-16/929 сандуу сунушун жана Кызыл-Кыя айылынын тургукндарынын 2017-жылдын 24-ноябрындагы арызын карап, угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” КР нын Мыйзамына ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловтун сунушу жана Кызыл-Кыя айылынын тургундарынын арызы эске алынсын.
2. Бүргѳндү айыл аймагынын Кызыл-Кыя айылындагы ФАП нун куруу боюнча долбооруна Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн 5 % дык 350 000 (үч жүз элүү миң) сом салым акча каражаты бѳлүп берилсин.
3. Бѳлүнгѳн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБү нүн башчысы А. Мырзакаримовго милдеттендирилсин.
4. Кызыл-Кыя айылындагы ФАП нун долбоорун ишке ашыруу үчүн эл арасында бул долбоордун маанилүүлүгүн түшүндүрүү менен ушул долбоорду жүзѳгѳ ашырууда элди курулушка кѳмѳк кѳрсѳтүү жагын уюштурууну айыл ѳкмѳт башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Ноокен райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г. Мирзаевге жана Социалдык, саламаттыкты сактоо, экономика жана тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Калбековго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Асанбаев |