Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XI- сессиясы
2017-жылдын 27-ноябры № 5
“Бүргѳндү айылдык кеңешинин тѳрагасы Асанбаев Т. Ч. 2017-жылы бир жылдык ѳткѳргѳн сессиялары үчүн тѳлѳнүүчү компенсациясынын акча каражаты жѳнүндѳ”
Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ нын башчысы А. Мырзакаримовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳгү” КР нын Мыйзамынын 4-бѳлүмүнүн, 37-беренесинин, 6-пунктуна ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ нын башчысы А. Мырзакаримовдун айылдык кеңешинин тѳрагасы Т. Асанбаевти бир жылдык ѳткѳргѳн сессияларына компенсация катарында акча каражатын тѳлѳп берүү жѳнүндѳгү билдирүүсү эске алынсын.
2. Айылдык кеңештин иш планынын негизинде ар бир сессиясын даярдоого, комиссия түзүү, текшерүү, жыйынтыгын чыгаруу, маалыматты, токтомдордун долбоорун даярдоо, сессия ѳткѳрүү күнү жана сессиядан кийин протоколдорду, токтомдорду, кайрадан кароо, токтомдорду, ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү үчүн кеминде беш күндѳн кем эмес, кээ бир учурларда мындан да кѳп убакыт кетээрин белгилеп сессия ѳткѳрүүгѳ компенсация ѳлчѳмүн беш күндѳн кем эмес күнгѳ эсептѳѳлѳр жүргүзүү жагы белгиленсин.
3. Айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ нын башчысына “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳгү” КР нын Мыйзамынын 4-бѳлүмүнүн, 37-беренесинин, 6-пунктуна ылайык айылдык кеңешинин тѳрагасына 2017-жыл ичинде ѳткѳргѳн айылдык кеңешинин сессияларына компенсациясынын эсебин эсепке ылайык чыгарып тѳлѳп берүү жагы ФЭБ нын башчысы А. Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловко жүктѳлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г. Мирзаевге жүктѳлсүн.
Төрага | Т. Асанбаев |