Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XI- сессиясы
2017-жылдын 17-июну № 2
«Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси Г.Шадыканованын маалыматы жѳнүндѳ»
Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн соц. маселелер боюнча адиси Г.Шадыканованын 2016-жыл Тарых жана маданият жылында Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн аткарылган иштери жана иш чаралары боюнча маалыматын угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳгү” КР нын Мыйзамынын 3-бѳлүмүнүн, 18-беренесинин, 13-14-18-19-20-пункттарына ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын VII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн соц. маселелер боюнча адиси Г.Шадыканованын 2016-жыл Тарых жана маданият жылында Бүргѳндү айыл ѳкмѳтү тарабынан аткарылган иштери жана иш чаралары боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн 2016-жыл Тарых жана маданият жылында аткарылган иштери жана иш чаралары боюнча маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
3. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн борбордук мадания үйүндѳ улуттук ийримдерди ачуу жана максаттуу пайдалануу жагы маданият үйүнүн жетекчиси К.Кенжекуловко милдеттендирилсин.
4. Маданият үйүнүн бѳлмѳсүндѳ жайгашкан Айыл Банкты маданият үйүнѳн кѳчүрүү жагы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловго жана маданият үйүнүн жетекчиси К.Кенжекуловко милдеттендирилсин.
5. Борбордук маданият үйүндѳ жергиликтүү маанидеги маданий жана тарыхый жетишкендиктерди сактоо жана даңазалоо боюнча тарых музейин ачуу жагы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловго жана маданият үйүнүн жетекчиси К.Кенжекуловко милдеттендирилсин.
6. Маданият үйүндѳ борбордук китеп кананын ишин уюштуру жана камсыз кылуу, элдик кѳркѳм чыгармачылыкты ѳнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, жаштардын бош убактысын маанилүү ѳткѳрүүнү уюштуруу-шарттарды түзүү, балдар жана жаштар менен иштѳѳ боюнча маданий-кѳркѳм иш-чараларды жүзѳгѳ ашырууну уюштуруу маданият үйүнүн башчысы К.Кенжекуловко милдеттендирилсин.
7. Маданият үйүндѳ маданий иш-чараларды, маданий кечелерди уюштуруу жана ѳткѳрүү жагы маданият үйүнүн башчысы К.Кенжекуловко милдеттендирилсин.
8. Маданият үйүндѳ ар убак улуттук этно музыка жаңырып туруусун камсыз кылуу жагы маданият үйүнүн башчысы К.Кенжекуловко милдеттендирилсин.
9. Борбордук маданият үйү толук кандуу иштеши үчүн 2 штаттык бирдик менен камсыз кылуу жагы маданият үйүнүн башчысы К.Кенжекуловко милдеттендирилсин.
10. Маданият үйүнүн ийримдери ачууга, бѳлмѳлѳрдү керектүү эмеректер менен кошо музыкалык аспаатар менен камсыз кылууга керектелүүчү акча каражатын бѳлүп берүү жагы финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г. Мирзаевге жүктөлсүн жана айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ нун башчысы А.Мырзакаримовго милдеттендирилсин.
11. Бул токтом Ноокен райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
12. Бул токтомдун аткарылышы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А,Сатыкуловго милдеттендирилсин.
13. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин Социалдык, саламаттыкты сактоо, экономика жана тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Калбековго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Асанбаев |