Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XI- сессиясы
2017-жылдын 17-июну № 3
«Ууру-Жар айылынын тургуну А.Осмоналиевтин кайрылуусу жѳнүндѳ»
Ууру-Жар айылынын тургуну А.Осмоналиевтин айылдын бош турган бир кѳчѳсүнѳ атасы маркум Осмоналиев Артыкбайдын ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ жазган кайрылуусун, Ууру-Жар айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынынын протоколун угуп жана талкуулап “КР дагы географиялык аталыштар жѳнүндѳгү” КР нын Мыйзамына ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын VII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Осмоналиевтин кайрылуусу жана Ууру-Жар айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынынын протоколу эске алынсын.
2. Ууру-Жар айылынын №47 А.Ташиев атындагы негизги мектептен баштап маркум Темиров Кабылдын үйүнѳ чейинки кѳчѳгѳ маркум Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу Осмоналиев Артыкбайдын ысымын ыйгарылсын.
3. Юридикалык иш кагаздарын бүткѳрүүгѳ кѳмѳктѳшүү жагы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Ф.Джумабековага милдеттендирилсин.
4. Ысым ыйгарылган кѳчѳнүн архитектуралык талаптарын аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан, Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккѳ укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
5. Бул токтом Ноокен райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкулдовко милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартип, депутаттык иш жана этика боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Р. Сейталиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Асанбаев |