Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги VII- сессиясы
2017-жылдын 17-июну № 5
«Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы №2197 Кызыл-Кыя, №2198 Бүргѳндү, №2199 Жаңы-Арык, №2200 Жеңиш, №2201 Ношкен жана №2401 Ак-Бата шайлоо участкаларынын комиссиясынын курамын бекитүү жѳнүндѳ»
Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы А.Божиевдин Бүргѳндү айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамын бекитүү жѳнүндѳгү маалыматын угуп жана талкуулап “КР нын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳгү” КР нын Мыйзамына ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын VII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ноокен аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын ѳкүлүнүн 2017-жылдын 25-майындагы №15 сандуу каты эске алынсын.
2. Айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы №2197 Кызыл-Кыя, №2198 Бүргѳндү, №2199 Жаңы-Арык, №2200 Жеңиш, №2201 Ношкен жана №2401 Ак-Бата шайлоо участкаларынын комиссия курамы тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет).
3. Тиркемедеги комиссия курамын Мыйзамга ылайык бекитип берүү жагы Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы С.Турдалиевтен суралсын.
4. Бул токтом Ноокен райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Участкалык шайлоо комиссияларынын тизмесин бекитүүдѳ керектүү иш кагаздарын даярдап, толуктап аймактык шайлоо комиссиясына алып барып тапшыруу жагы жооптуу катчы А.Божиевке милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы А.Божиевке милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартип, депутаттык иш жана этика боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Р. Сейталиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Асанбаев |