Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
25-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
2018-жылдын 4-майы № 13
Покровка айыл аймагынын «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» 2018-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө
Покровка айыл аймагынын «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» 2018-жылга карата түзүлгөн бюджетинин долбоорун карап чыгып, Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айыл аймагынын «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» төрагасы М.Джолдошевдин 2017-жыл ичинде аткарылган иштери боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Покровка айылдык аймагынын «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» 2018-жылга карата түзүлгөн 394050 сом өлчөмүндө бюджети жана 2018-жылга карата иш планы бекитилсин.
3. Покровка айылдык аймагына караштуу жайыттарды пайдалангандыктары үчүн малчылардан алынуучу акы төлөмдөрүнүн тарифи төмөнөдөгүдөй бекитилсин:
Покровка айылдык аймагына караштуу жайыттарга алынуучу акы төлөм туяк башына: кой-эчки -15 сом, кара малга: ийри мүйүздүү мал-уй, бука, жылкы - 75 сом
4. Покровка айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнө (14152200 ст.) түшкөн акча каражатын “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” бюджетинин негизинде которулуп берилсин.
5. Жеке менчик мал ээлери менен келишим түзүү жана төлөмдөрдү өндүрүү жагы “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” төрагасы М.Джолдошовго тапшырылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Покровка айылдык кеңешинин алдындагы бюджет-экономика тармагы боюнча туруктуу комиссиясына (Д.Калмухамедова) милдеттендирилсин.
Төрага | М.Садыков |